Өзбекстанда президенттин милдетин аткаруучу Мирзийоев Каримовдун коопсуздугун камсыздоо максатында жабылган жолдорду ачууда

Ташкентте Ислам Каримовдун коопсуздугун камсыздоо максатында жабылган жолдор ачылууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан аймактардагы президенттин кортежи өтчү жолдор толугу менен ачыла баштаган. Жабылган жолдор жол тыгынын пайда кылып, айдоочуларга ыңгайсыздык жаратып келген.

Ташкентте Мустакиллик кең көчөсүнүн буга чейин жабылган бөлүктөрүн ачуу иштери башталган. Мындан сырткары Сайрам көчөсүнүн жабылган бөлүгүнүн ачылышы күтүлүүдө.

Эске салсак, президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзийоев Каримовдун убагында киргизилген чектөөлөрдү алууда. Буга чейин ырдоого уруксат берилбей келген ырчыларга уруксат берилип, мажбурлап пахта терүүчүлөр милдеттеринен кутулушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
nalukg
2016-10-06 10:37:27
Bul iwterin prezident bolgondon kiyinda ulantaar beken.
+10
Rifle_S
2016-10-06 14:18:36
nalukg,көөп кетишпесе болду.
0
salihalady
2016-10-06 10:40:46
Кыргызстандан барган делегацияны да укмуш сыйлашыптыр го озбек туугандар
+15
Arti
2016-10-06 11:07:03
Кыргыз делегациясын жылуу кабыл алганда, Өзбек тууган деп калдым. Мурдагынан оюм 180гр өзгөрдү. Көрсө бир эле кишинин артынан эки элдин ынтымагы ыдырап жаткна тура
+12
limuna
2016-10-06 11:56:32
Arti,сонун жазыбсын жылмайыб алдым
0
Alixan-Nookat.2015
2016-10-06 12:01:05
Туура кошуна менен мамилени оңдош керек
+4
rukopashnik
2016-10-06 13:14:28
туура кылыптыр,эми кыргыз-өзбек чек арасында ачса жакшы болмок,карапайым эл кыйналбайт эле.
+6
Rifle_S
2016-10-06 14:20:28
Биздин дыйкандардын эгиндери арзандап кетет.
+2
ulan.zhoroev
2016-10-06 13:40:25
кыргыз озбек чек арасын ачкан болсо кыргыстанды озбектер басып кетет жон эле айыл талаа жерлеринде жумуш издеп
+4
Kypchak
2016-10-06 21:41:13
азамат, дүнүйөдө кошуналар менен жакшы болуу керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан