Орусиянын Владивосток шаарында мышыктын өлүмү үчүн ветеринардык ооруканада мушташ чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мышыгынын өлгөнүнө ветеринардык дарыгерлерди күнөөлөгөн ээси ооруканага келип, дарыгерди сабап салган. Ал колуна кармап келген мышыктын өлүгүн дарыгердин бетине ыргытып жиберген. Жыйынтыгында дарыгердин мурду сынып, башынан жаракат алган.
Учурда укук коргоо кызматкерлери аталган иш боюнча кылмыш ишин козгоду. Ветеринардык оорукананын адистери мышыктын өлгөнүнө мышыктын ээси өзү күнөөлүү экенин айтышкан. Анткени мышыктын абалы оор болуп калган учурда ветеринарларга алып келген. Дарыгерлер мындай учурда анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болбогондугун айтышкан.