Депутат: "Бишкекте лифттердин эскилиги жетти, алмаштырыш керек"

Жогорку Кеңештин 6-октябрдагы жыйынында депутат Узарбек Жылкыбаев Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдө лифттердин эскилиги жеткенин айтты. "Айрым лифттер иштебей жабылып калыптыр. Мэрияга тапшырма берип, лифттерди оңдоо же алмаштыруу керек. Жеке менчик ишканаларга бир топ акча бөлүнөт экен, бирок алгылыктуу иш жүрбөй жатат. Мэрия муну көзөмөлгө алышы зарыл", - деди Жылкыбаев.

Расмий маалымат боюнча, бүгүнкү күндө Бишкектеги көп кабаттуу имараттарда жалпысынан 2,5 миңдей лифт бар. Алардын 1008ин "Бишкек лифт", калгандарын "Кыргыз лифт", "Лифткомплект", "Лифтстройсервис" сыяктуу 5-6 жеке фирма тейлейт. "Бишкек лифт" ишканасына караган лифттердин 70 пайызынын эскилиги жеткен. Ай сайын лифтке түшкөнү үчүн ар бир тургун орточо эсеп менен 20 сомдой акы төлөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nalukg
2016-10-06 10:41:55
100% kowulam. Jakwy uwul kungo 4eyin titrep taraktap keebirlerin i4ine kamap iwtep jatat ))
+1
limuna
2016-10-06 11:58:34
А Бали
0
didi07
2016-10-06 19:05:17
Кыргызстанда жаны нерсе жокко эсе окшойт. Кыргызстан ОЗУ дагы эсеирди алмаштырыш керек ондогону жарабайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан