Жогорку Кеңеште депутат Мирлан Бакиров актёр Азиз Мурадиллаевге жардам берүүнү суранды

Жогорку Кеңештин 6-октябрдагы жыйынында депутат Мирлан Бакиров кесиптештерине кайрылып, өлкөнүн белгилүү актёру Азиз Мурадиллаевге жардам берүүнү суранды.

"Кыргыз элин дүйнөгө даңазалаган "Курманжан датка" тасмасында Мурадиллаев башкы ролду ойногон. Кечээ интернеттеги социалдык тармактардан анын боорун алмаштырыш керек деп окудум. Мурадиллаев - таланттуу актёр. Биз ага жардам беришибиз керек. Жогорку Кеңештин фондунан акча бөлүү зарыл", - деп кайрылды депутаттарга Бакиров.

Айта кетсек, кечээ, 5-октябрда Инстаграмда кыргыздын белгилүү чыгармачыл инсандары: "Күтүлбөгөн оору таланттууларды жаш курагында сындырганы өкүнүчтүү. Актёр Азиз Мурадиллаевдин боорун алмаштыруу зарыл. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө. Биздин таланттуу кесиптешибиз Азизди сактап калууга көңүл кош эмес жарандардын баарын чакырабыз. 25-октябрь күнү Кыргыз драма театрында концерт жана марафон уюштурулат. Достор, артисттер, аткаруучулар, баарыңыздар үн катыңыздар. Баарыбыз жардам берели", - деген билдирүү менен бөлүшүүдө.

Ал эми актёрдун өзү менен байланышканыбызда ден соолугу жакшы экенин, операция жолу менен эмес, дары ичип гана дарыланарын айткан. "Кудайга шүгүр, азыр жакшы болуп калдым. Операцияны оорунун эң акыркы стадиясында жасашат экен. Мени андайга жеткирбей жакшы дарыгерлер дарылап жатышат",- дейт актёр.

Белгилей кетсек, буга чейин да актёрдун абалы оор экендиги, кан донору керектиги тууралуу маалымдалган. Ал эми актёрдун жакындары анын жакшы болуп калганын билдиришкен эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Alixan-Nookat.2015
2016-10-06 10:27:44
Ушундай нерселерди көтөрүп чыксанар жардам берели деп соопда болот ишинерда журушот Азан айтканды токтотуш керек деп тантыбай.
+12
ekaterinburg
2016-10-06 10:30:30
Аллаа ыраазы болсун!!
+7
Maha-0711
2016-10-06 11:14:56
Аллахым озу шыпаа берсин аябай таланттуу сулуу актер омурун узун болсун
+3
barakcha
2016-10-06 12:02:03
Бир эле атактуу адамдарга эмес,жалпы кыргыз элине конул бурууга милдеттуусунор!
+3
Rifle_S
2016-10-06 14:27:00
Депутаттар эмнеге Үңкүр тоону басып алып, биздин жарандарды уурдап кеткенде демин чыгарбай отурушту ?
+3
azamat.k
2016-10-06 15:32:14
Аллахым шыпаасын берсин,жакшы болуп кетсин Азиз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан