Сентябрь айында Түндүк Вьетнамда күрүч талаасы туристтердин көңүлүн бурат. Күрүч талаасы түстүү өңдү берип, жүздөгөн гектар жерди ээлеп жатат. Мындай талаа Түндүк Вьетнамдын Хаонг Шу Пхай районунда жайгашкан. Аталган райондо быйыл түшүм эрте бышып, талаага килем төшөп койгондой элес калтырган. Убактылуу кооздукка бөлөнгөн күрүч талаасы октябрь айынын аягына чейин көргөндөрдүн көз жоосун алып турат. Жыл сайын Вьетнамдын күрүч талаасын көрүү үчүн миңдеген туристтер келишет. Кооздукка бөлөнгөн талаага жетүү үчүн Туенкуанг облусу аркылуу барууга болот.