Ош облусунда жер титирөөдөн турак жайы зыянга учураган үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам берилди. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу районуна 8 тонна ун, 1600 килограмм макарон, 1 тонна 600 килограмм күрүч, 4 тонна 600 килограмм кант жана 320 килограмм чай берилди. Ал эми Алай районуна 5 тонна 100 килограмм ун, 1 тонна 20 килограмм макарон, 1 тонна 20 килограмм күрүч, 1 тонна 20 килограмм кант жана 204 килограмм чай таркатылып берилген. Ушундай эле жардам Араван районуна да берилген.
Эске салсак, Ош облусунда жердин силкиниши 2015-жылдын 17-ноябрында катталган.
Жардам Ош облустук мекемелер аралык комиссия мүчөлөрүнүн 2016-жылдын сентябрь айындагы отурумунда кабыл алынган токтомдун негизинде берилген.