Кыргыз жеринде интернеттин баасы арзандай турганын 6-октябрда маалымат жыйынында Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башчысы Болсунбек Казаков билдирди. Анын айтымында, эки тараптын тийиштүү органдары жана компаниялары Алматыда сүйлөшүү жүргүзүп, бааларды мурункудай (жогорулаганга чейин кандай болсо) калтырууну макулдашышты.
Эскерте кетсек, мындан 1 ай мурун Казакстандагы компаниялар интернетти Кыргыз Республикасына жеткирүүнүн баасын эки эсе кымбаттатышкан эле.