Сузакта ачуу калемпир өстүргөн дыйкан түшүмүн Түркияга экспорттойт

Кыргыз эли "эр эмгегин жер жебейт" деген накыл кепти айтып келет. Канчалык мээнет кылып маңдай тер төксөң, анын акыбети кайтып, тапканың таттуу болот. Тилекке каршы, эл арасында оңой акчага азгырылып, башкалардын эмгегине көз арткандар, арам акча таап үй-бүлөсүн баккандар да жок эмес. Ошентсе да эл ичинде ак эмгеги менен акча таап, коомго үлгү болгондор басымдуулук кылат. Алардын катарын Сузак районунун Барпы айыл аймагында дыйканчылык менен алектенген Бакай Алиев толуктайт. Ал жетишкен ийгиликтери жөнүндө SUPER.KG порталына айтып берди.

Дыйкан быйыл 1 гектар жерге ачуу калемпир эгип, 6-7 тонна калемпир терип алган. Ал эми 20 сотых жерге помидор отургузуп, 10 тоннадан ашуун түшүм алган. Ошондой эле бадыраң өстүрүп, андан 2 тонна бадыраң жыйнап алганын айтты. Калемпирди сарайга, үйдүн чатырына жайып кургатарын кошумчалады.

"Өндүргөн калемпирди Түркияга сатууну пландап жатам, анткени алар мага кардар болуп, мен каалаган суммага сатып алганы жатышат. Калемпирге эч кандай химикат кошулмасы чачылган эмес. Германиянын технологиясы менен өстүрдүм. Быйыл Түркиядагы ишкерлер 1 килограмм калемпирди 20 сомго баалап жатышат. Бул сумма мага туура келди", - деди Алиев.

Чарба иштери менен алектенген дыйкан 5 гектар жерди ижарага алган. Жер иштетүү үчүн 70 миң сомдон ашуун чыгаша кылган. Ал эми орточо 400 миң сомдон ашуун киреше тапкан. Дыйкан тапкан кирешесинен аз камсыз болгон, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам катарында бөлүп берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Arslan12
2016-10-06 14:25:07
Балли азамат, тилегине жет!
+6
ALATOOLUK.JIGIT
2016-10-06 15:23:31
Суу гана проблема да,болбосо калемпир 5 жыл алдын ич куйгузгон.
0
nurikkg1
2016-10-06 15:46:32
туркияга сатпай аджика жасап сатса болбойбу
-4
Munar8625
2016-10-06 16:58:26
озу билет емне кылышты
+3
tashi62
2016-10-06 17:40:19
Азамат эмгегиңдин үзүрүн көр.
+1
alina79
2016-10-06 23:09:50
Бул эмне деген 1кг 20сом.Москвада Теплый стан деген базарда 4шт калемпирди 20рубльга алдык.20сом 1кг ото эле арзан да жай бою иштеген мээнетин да актабайт.Ай байкуш дыйкандарым,ушентип эмгек кылып тушумун алса,аны кымбатыраак сата албайт.
+1
Keremet008
2016-10-07 11:12:22
кымбат албай чиритип кууратышат да акчасы барлар. Эч бир мээнетти билишпейт оңой эле өсүп жетилип балдарга жаман көрүнүп үзүшүп койгула дебей эле өзү эле жайылып калгандай элестетишет. аджиканы ар ким өз табитине жараша жасап алышат да бизде кыргыздар онукпой атсак кайдагы аджика. кулпунайды россияга өткөрө алышпай артка кайтты го антип банкрот болгондор толтура
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан