Кечээ, 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата Ахматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо чоң программадагы гала-концерт уюштурулду. Ага 15 миңден ашуун шаардыктар жана алыс-жакындан келген коноктор катышты.
Мэриядан кабарлашкандай, майрамдык концерттин ачылышында мэр Айтмамат Кадырбаев сөз сүйлөп, шаардыктарга өзүнүн каалоо-тилегин айтты.
“Бул майрам - кылым карыткан, 3 миң жылдык тарыхы бар, тагдырына жазылган турмуштун далай сыноолорунан өтүп, Ош шаарына мүнөздүү туруктуулукту, чыдамкайлыкты көрсөтүп, элибиздин нукура салтын, көөнөрбөс нарк-насилин сактап келген элдин майрамы. Бул майрам - улуу муундун жолун улантып, келечекке ишенимдүү кадам таштап бара жаткан жаштарыбыздын майрамы”, - деди А.Кадырбаев.
Шаар башчысынын сөзүн коштоп 10 мүнөттүк фейерверк атылды. Андан соң Маданияттын мыкты кызматкерлери, Эл артисттери, эстрада жылдыздарынын катышуусунда шоу-программа болду. Анда Ата Мекен, Ош, Сулайман-Тоо, Ак-Буура туурасында ырлар жаңырып, шаардыктарга майрамдык маанай тартууланды.