Жоош айыл аймагында 225 орундуу мектептин курулушу бүтүү алдында турат. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда SUPER.KG порталына Жоош айыл аймагынын башчысы Жылдызбек Тиллебаев билдирди.
Маалыматка ылайык, 2016-жылдын январь айында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кызыл-Сарай мектеби жараксыз абалда деген чечим чыгарган. Мындан улам үстүбүздөгү жылдын март айында билимкананын курулушу башталган.
"Мектептин курулушу үчүн республикалык казынадан 56 миллион сом бөлүнүп берилди. Жоош айыл өкмөтүнөн 300 миң сом каражат бөлүп, ички жасалгасына салым коштук. Буга чейин 220га жакын окуучу 4 айга жакын айылдагы мечитте жана турак үйдө экиге бөлүнүп билим алып келген. Эми мектептин ачылуу аземин октябрь айынын аягына пландаштырып жатабыз", - деп билдирди Тиллебаев.
Белгилүү болгондой, мектептин жаңы имараты 225 орунга ылайыкташкан.