“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Болотбек Ибраимжанов Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 6-октябрдагы жыйынында "түнкүсүн мечиттерде азан айтууга жана кафе-ресторандардан чыккан музыкаларга тыюу салынышы керек" деген.
Ал: “Мечиттерде түнкүсүн азан аябай катуу айтылууда, үндүн бийиктиги санитардык нормадан жогору болуп жатат. Саат 23:00дөн 07:00гө чейин тыюу салынышы керек. Балдар түнү менен уктабай, мектепке кечигип калышууда”, - деген пикирин билдирген. Эл өкүлүнүн бул сунушу коомчулукта кызуу талкуу жаратты.
Бул маселенин тегерегинде шаар тургундарынын оюн билүү максатында аларга “Мечиттен чыккан азандын үнү тынчыңызды алабы?”, “Кафе-ресторандардагы жана башка көңүл ачуучу жайлардагы музыканын добушу уйкуңузду бузабы?” деген суроолорду узаттык. Жооп бергендердин дээрлик бардыгы мечиттердеги азан үнү аларга тоскоолдук жаратпай тургандыгын билдиришти.
Мечиттерден чыккан үн боюнча депутаттын сунушуна көптөр кошулбаганын байкадык. Тоскоолдук жаратышы мүмкүн болгон 2 гана убакыт бар: багымдат намазы менен куптан намазы. Бул намаздардын убакыттары эл уктаганга камынып жаткан же уктап жаткан учурга туура келет.
6-октябрга карата намаз убактылары: Багымдат: 5:31, Бешим: 12:50, Аср: 16:48, Шам: 18:40, Куптан: 19:52
Муфтияттын берген маалыматына караганда, Кыргыз Республикасында 5 миңге чукул мечит бар. Алардын 2704ү каттоодон өткөн. 2000ден ашык мечит каттоодон өткөн эмес.
Ал эми эл өкүлүнүн кафе-ресторандардан чыккан музыканын тоскоолдук жаратып жатканы боюнча айтканы туура маселе. Бишкекте дээрлик кадам сайын мындай жайларды жолуктурууга болот.
Досмат Данияр уулу: - Азыркы мезгилде азандын айтылышы эч бир адамга залакасын тийгизбейт деп ойлойм, себеби ал учурда баарыбыз эле ойгоо болобуз. Кечкисин азан саат 8де, ал эми таңкы маалда 6да айтылат. Кафе-ресторандарды эл жашаган жерден алысыраак, ээн жакка салуу боюнча мыйзам кабыл алынса жакшы болот эле...
Илегул Курманов: - Мен 10-кичи райондо ресторандын жанында жашайм. Андан чыккан музыка аябай тоскоолдук жаратат. Музыка эле эмес, сыртка чыгып алышып салюттарды аттырышат. Ал эми мечиттен чыккан азандын үнүнүн мен үчүн эч кандай зыяны жок.
Азамат Абдырахманов: - Азандын үнү мен үчүн эч кандай тоскоолдук жаратпайт. Ал эми көңүл ачуучу жайлардагы музыка, ызы-чууга көнүп деле калдык. Биз жашаган райондогу кафе-ресторандарда тойлор кээ бир учурларда түнкү 2-3төргө чейин уланат. Бул биз үчүн адаттагы эле көрүнүш болуп калган.
Мээрим Тажиева: - Мен борбордук мечиттин жанында жашайм. Азандын үнү эч кандай тоскоолдук жаратпайт. Анын үнү бийик чыкса деле мен үчүн жагымдуу.
Гүлбүбү Мамбетова: - Кара-Балтада жашайм. Учурда кафе-ресторандардын саны көбөйүп кетти. Мен жашаган жерде да көп, түндө тынчыбызды алып, кичинекей балдарыбыздын уйкусун бузуп жатат. Бирок бул маселе боюнча тиешелүү жерге кайрылган эмесмин. Ал эми азандын үнүн укканда менин маанайым көтөрүлүп, жүрөгүмдө жакшы бир сезим пайда болот.
Тынчтык Эдилбек уулу: - Мен Манас айылында жашайм. Ал жакта кафе-ресторан жок болгону үчүн мындай маселе бизде жаралбайт. Мен намаз окуйм, андыктан азан үнү тоскоол болбойт. Азан адамдарды ыйманга чакырат эмеспи.
Кубатбек Жетиген уулу: - Кафенин жанында жашайм. Өзүм музыкага жакын болгонум үчүн музыка, андагы ызы-чуу эч кандай тоскоолдук жаратпайт.
Айчүрөк Дөөлөталиева: - Биздин үй жактагы кафе-ресторандар убагында жабылат. Элдин тынчын албайт деле, уйкуну бузбайт.
Улукман Жунусов: - Мен Түштүк магистраль тарапта жашайм. Бизди көңүл ачуучу жайлардагы музыка эмес, магистралдагы автоунаанын жарыштары, андан чыккан үндөр, ызы-чуу тынчыбызды алып, уйкубузду бузат. Бул маселе ушул мезгилге чейин көп эле жолу көтөрүлсө да, чечилбей келет.