Кадамжайда көпүрө куруп жаткан компаниянын жетекчисин айыпка тартуу боюнча акт толтурулду

Кадамжай шаарында уруксаты жок көпүрө курулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Мамлекеттик экотехинспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ак-Суу айылында курулуп жаткан көпүрөнүн атайын уруксат кагаздары жок болгондуктан, аталган инспекция тарабынан курулушту токтотуу талап кылынган. Бирок көпүрөнү куруп жаткан “Сафари" курулуш компаниясы Мамлекеттик экотехинспекциянын талабын аткарган эмес.

"Биздин чечимди жокко чыгарып, аны аткарбагандан улам компаниянын жетекчилигин административдик жазага тартуу боюнча акт толтурулду", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
sagyn01
2016-10-06 18:31:28
Руксат алайын десе олчойтуп акча сурасанар керекта,
+7
Adi.Avazbekov
2016-10-06 18:46:36
Бул эмне дегени мамилекет куруп бербейт куруп жаткандарды соттоп жатышат. Жил мн копуро салган Адам чексиз сооп алат деген. Ойлонсонор бийлик кайра жардам бербейи токтоткондон коро. Кандай адамдар иштейт. Чекеден а... Кк
+10
didi07
2016-10-06 19:54:33
Мамлекет курбаса, анан башкалар курса жоопко тартса, бул кандай? Колдош керек копуро, жол салган азаматтарды. Жанды кашайтатта билимсиздерчи. Ичтери аябай таар азыркы мамкызматкерлердин
+4
kindly_girl91
2016-10-06 20:09:40
5 жаштагы балдардын мушташканын ссылкасын жазып бериниздерчи сураныч
0
Rifle_S
2016-10-06 21:48:57
Шилтеме
0
Aylin.91kg
2016-10-06 21:07:41
Бул копурону май- июнь айында катуу жааган жамгырдан улам сел келип копуронун устунон ашып, суу тутукторун да жулуп кеткен,т.а жараксыз абалга келген ошондон бери канча ай отту элдер базарга барыш учун бир канча жолду басып отушко аргасыз болууда, эл кыйналып бутту мамлекет бутурбогондон кийин бутуруп жаткандарды тим койсо болмок!!!
+5
aianaaiana
2016-10-06 22:57:50
Өкмөт уруксат бергиле мен туалетке чейин асфалт жол салайын
0
zheentaev
2016-10-07 11:04:56
Стандартка жооп бербеген копуролор жарабайт.
0
DSD
2016-10-08 03:15:04
Ак-Суу айылы эмес,Ак-Суу дарыясы! Бул биринчи,экинчиси кочмондор оюнун откозобуз деп копуро жарым жылдан бери бутпой келет,себеби бир секундтук жыргал учун бюджеттеги акчанын баары кочмондор тойуна сапрталган! Тойдун эртеси куноолуну издемей башталдыбы???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан