Жогорку Кеңештин депутаттарына жаңы креслолор сатылып алынды. Маалыматты 7-октябрда SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан тастыкташты. Креслолор донорлордун акчасына сатылып алынганы, бюджеттен эч кандай каражат жумшалбаганы айтылды. Депутаттардын отургучун жаңылоого эл аралык уюмдардын бири жардам көрсөткөн, баасы канчадан экени маалымдалган жок.
Эскерте кетсек, 2015-жылдын 8-октябрында Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарына 2 миллион 682 миң сом сарптап жаңы 120 кресло сатып алуу боюнча тендер жарыяланган. Сатылып алынуучу 120 кресло интернеттеги социалдык түйүндөрдө кызуу талкууну жаратып, нааразычылыктардан кийин парламент бул тендерди жокко чыгарган эле. Депутаттарга баары бир жаңы кресло сатылып алынарын 4-ноябрдагы парламент жыйынында спикерликке талапкер Асылбек Жээнбеков билдирген. Айтылгандай эле, баары бир сатылып алынды.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 4 миллиард 75 миллион долларга жетти. Карыздын өсүшүнө чиновниктердин ушул сыяктуу муктаждыктарына жумшалган акчалар, сырттан алынган гранттар жана насыялар да себепчи болууда. Ошол эле учурда өлкөдө донорлордун каржылык колдоосуна муктаж жарыксыз же таза суусуз айылдар көп.