Өлкөдө балык чарбасы жанданууда. Мындай маалыматты өкмөттүн адистештирүү маселеси боюнча жыйынында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Абдиназир Бекбоев айтты.
"Өлкө боюнча калктын көпчүлүгү мал чарбачылыгы, кой-эчки, жылкы, канаттууларды өстүрүү, бал өндүрүү, жашылча-жемиш, буудай, кант кызылчасын жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү менен алектенүүдө. Ошондой эле акыркы жылдары жер-жерлерде балык чарбасы жандана баштады", - деди Бекбоев.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жыйында дыйкандардын продукцияны сатып өткөрүү маселеси чечилип, аймактардын мүмкүнчүлүктөрү жана муктаждыктары теңделип жатканын айтты.
"Бүгүнкү күндө аймактардагы көптөгөн ишкерлер өздөрүнүн багыттарын түптөп алышты, өздөрүнүн иштерин өнүктүрүү үчүн билим жана тажрыйбасы жетиштүү. Дыйкандарга мамлекет тарабынан колдоо керек", - деди Жээнбеков.