Чет мамлекеттердеги кыргыз жарандарынын бардыгы биометрикалык каттоодон өткөн жок. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев билдирди.
Анын айтымында, 2014-жылы биометрикалык база түзүлүп баштаганда чет өлкөдөгү кыргыз жарандарынын бир тобунан биометрикалык маалыматтар алынган. “Жаңы жыл астында Бишкектеги, Оштогу аэропорттордо жана вокзалдарда биометрикалык каттоо жүргүзгөнбүз, анткени көптөгөн мекендештерибиз үйлөрүнө келип кетет. Ошентип Ош шаарынан эле Орусиядан учуп келген 34 миң жарандан биометрикалык маалыматтарды жыйнаганбыз. Бишкек шаарынан болжол менен 17 миң жаран биометрикадан өткөн. Орусияда биометрикалык базага кире элек мекендештерибиздин бир бөлүгү бар. Айрымдары мекенине такыр келе элек. Кыргыз жергесинде бул ишти жасоо оор болду, чет жерде мындан да оор. Орусия аябай чоң да. Муну чечүү үчүн биометрикалык паспортко өтүшүбүз керек. Ошондо биометрикалык маалыматтарды толук кандуу жыйноого мүмкүнчүлүк пайда болот. Кыргыз Республикасынын ичиндеги шайлоочулардын 98 пайызы биометрикалык базага кирген”, - деди Сарпашев.