3 метрлик калпакты "Гиннесстин рекорддор китебине" каттатуу боюнча өтүнүч кабыл алынды

Кыргыз өлкөсүндө жасалган 3 метрлик калпакты "Гиннесстин рекорддор китебине" каттатуу боюнча өтүнүч каты кабыл алынды. Эми расмий каттоо үчүн тиешелүү документтер жиберилиши зарыл. Бул тууралуу SUPER.KG`ге калпакты жасап чыгуу жана аны рекорддор китебине каттатуу боюнча демилгени көтөрүп чыккандардын бири Солтобек Эркин билдирди.
Каттын кабыл алынганы менен куттуктап байланышканыбызда, ыраазычылыгын билдирип, ал куттуктоо али эрте экенин айтты. "Алар сураган документтерди чогултуу керек, ошондо гана куттуктоолорду кабыл алсак болот. Азырынча чогулта элекпиз, анткени катка келген жоопту мен кечээ, 6-октябрда алдым. Эң биринчи мурда Кыргыз өлкөсүнөн кирген рекордчуларды табуу керек болууда. Алар менен кеңешип, документтерди толтуруу жол-жоболорун сурап алуу зарыл. Анткени документтерди туура жана так толтуруу кажет экен, болбосо биздин сунушубузду жокко чыгарып салышат", - дейт Солтобек Эркин.
Белгилей кетсек, 5-март - Ак калпак күнүнө карата улуттук баалуулуктарды даңктоо, урматтоо максатында узундугу 3 метр болгон калпак ак кийизден тигилип, оймолору кара түстө жасалган. Аны атайын чеберлер жасап чыгышкан. Учурда улуттук баш кийим өлкөбүздөгү окуу жайлардын биринде сакталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tansuluu09
2016-10-07 12:23:55
Жакшы болот эле))
+5
MUSLIM-81
2016-10-07 15:14:55
Жакшы бирок,буга чейин 2м.90см.калпак жасалганбы?Же кийин 3м.10см.калпакты жасай турган рекордчу ким болот,кыргызбы же башкабы?Кыргыздан башканын жасашы кумон,буга чейин жасалган да эмес.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан