Аида Салянова: "Текебаев, Шыкмаматов үчөөбүздүн "Мегакомго" эч кандай тиешебиз жок, канча казсаңар да таппайсыңар"

"Мен өмүрүмдө бир да ишкананын акционери болгон эмесмин", - деди бүгүн, 7-октябрда журналисттер менен жолугушуусунда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутаты Аида Салянова.

"Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов үчөөбүздүн "Мегакомго" эч кандай тиешебиз жок. Өмүрбек Чиркешович өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген. Анын туугандары да бул компанияга байланыштуу эмес. Канча казсаңар да таппайсыңар", - деди журналисттерге Салянова.

Эскерте кетсек, 5-октябрда бийликке жан тарткан басылмалардын бири “Ата Мекендин” депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов “Мегакомдун” айланасындагы жаңжалдар менен тыгыз байланыштуу жана бул компанияда жеке кызыкчылыктары бар. Тагыраак айтканда, өздөрүнүн үлүштөрү бар. Үлүштөрү Максим Бакиевдин атына катталган оффшордук компанияларда жайгашкан”, - деген маалыматты жазган. Алмамбет Шыкмаматов бул маалыматты жалган деп, себептерин түшүндүргөн. Бүгүнкү парламент жыйынында ал жана Салянова депутаттарды өкмөттөн маалымат угууга чакырышкан. Кечээ "Ата Мекен" партиясы макаланы жазып чыккан басылманы сотко берери белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kubat_73
2016-10-07 13:22:03
Ханды кудай ураарда калкы.менен кас болот дейт.Атамбаев ушундай журуштору менен озунун эле авторитетин тушуруп атканын сезээр бекен.Бийликтин айдагын аткарып негизи жок куноо койгон Вечерный Бишкек эртен бул бийлик кеткенде кандай акыбалда калаарын сезеби.Кошоматчылыктын да чеги журналисттик принцип деген да керек го акыры.Корунгон кожоюндун айт десе баса калган иттери болгондон качан арылат кыргыз журналисттери
+6
Meruet84
2016-10-07 13:30:57
Мммм кызык буларга эмне болду экен, чындап эле бири бири менен конфлик болуп жатышабы же саясий оюунбу бул жагы .......
Бийликке чогуу келген убактылуу өкмөт эми минтип ""ал кылган, бул кылган мен тазамын ""деп актанып чыгышаарын эч күтпөптүрмүн .
Тарых тастыктагыча, өздөрү эле 2010-жылдагы окуяларды тастыктап коюштуго. ))
+3
aksy.koi-tash
2016-10-07 13:50:00
Канча актансанарда барынар ак эмесинер
+1
Mers124
2016-10-07 13:51:08
Мегакомдун жуз процент акциясы Кыргызстанда турат го. Же Мегаком жуз проценттен да коппу
+2
jamakeev2015
2016-10-07 13:57:07
Бирин кайын ,бирин тал.Бирин олуп бирин кал
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан