Жогорку Кеңештин депутаттарына 120 жаңы кресло сатылып алынганы коомчулукка эми белгилүү болгонуна парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу таң калды. "Демөөрчүлөр креслолорду быйыл жайында сатып беришкен. Мамлекеттик бюджеттен акча каражаты жумшалган эмес. Ал эми эски креслолор учурда кампада сакталып турушу мүмкүн", - деди ал. Бирок демөөрчү ким экенин жана канча көлөмдөгү каражатка 120 кресло сатылып алынганын айта алган жок.
Эскерте кетсек, 2015-жылдын 8-октябрында Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарына 2 миллион 682 миң сом сарптап жаңы 120 кресло сатып алуу боюнча тендер жарыяланган. Сатылып алынуучу 120 кресло интернеттеги социалдык түйүндөрдө кызуу талкууну жаратып, нааразычылыктардан кийин парламент бул тендерди жокко чыгарган эле. Депутаттарга баары бир жаңы кресло сатылып алынарын 4-ноябрдагы парламент жыйынында спикерликке талапкер Асылбек Жээнбеков билдирген. Айтылгандай эле баары бир сатылып алынды.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 4 миллиард 75 миллион долларга жетти. Карыздын өсүшүнө чиновниктердин ушул сыяктуу муктаждыктарына жумшалган акчалар, сырттан алынган гранттар жана насыялар да себепчи болууда. Ошол эле учурда өлкөдө донорлордун каржылык колдоосуна муктаж жарыксыз же таза суусуз айылдар көп.