Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында “Жүрөктөн жүрөккө” аталышындагы акция өткөрүлдү

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында “Жүрөктөн жүрөккө” аталышындагы акция өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акцияга облустун райондорунан келген 400гө жакын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө министр: "Биздин бул акцияны уюштуруп жатканыбыздын себеби - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомго аралаштыруу, аларга шарттарды түзүп берүү жана коомубузду гумандуулукка чакыруу”, - деп билдирди.

Эске салсак, учурда өлкөдө 172 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам болсо, анын ичинен 28 миңден ашыгы 18 жашка чейинки балдарды түзөт. Ал эми Ысык-Көл облусунда 12 миңден ашык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт, анын 2500дөн ашыгы балдар.

"Жүрөктөн жүрөккө" аталышындагы акция буга чейин министрлик тарабынан Бишкек, Кара-Балта, Кызыл-Кыя, Ош, Жалал-Абад, Талас шаарларында уюштурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан