Нарын облусунда туризмди өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрүлдү

Нарын облусунда туризмди өнүктүрүүнүн жолдору жана анын келечеги жөнүндө кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, талкууга өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлчүлүгү, Германия кызматташтыгы коомунун облустук координатору жана туризм тармагындагы ишкерлер катышты.

"2014-жылы 7 миңден ашык турист келип, 8 миллион сомдун тегерегинде каражат түшкөн. Ал эми 2015-жылы 28 307 турист келип, эки эсе пайда алып келген. Бүгүнкү күндө 62 туристтик компания каттоодо турса, алардын ичинен 9 компания активдүү иш алып барууда. Мындан сырткары облуста туризмди өнүктүрүү боюнча түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан