Орусиянын Новосибирск шаарында чоңдор үчүн бала бакча ачылды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, мындай демилгени программист Евгений Пятковский көтөрүп чыкан. Ал бала бакча тууралуу: “Чоңдор кеңседе эле иштеп отура бербей, жаңы, кызыктуу нерселер менен алектенип, бактылуу болгусу келишет. Ал эми бакыт бир гана балалык доордо. Мына ушундан улам бул идеяны ишке ашырдым”, - деп билдирген.
Чоңдорго СССР убагындагы бала бакчаларда берилген тамак-аш, сүрөт тартуу, пластилин менен түрдүү фигураларды жасоо жана ырдоо сунушталып, бир нече оюндар ойнотулат. Аларды окутуу үчүн башка бала бакчалардын тарбиячыларын чакырышкан.
“Бала бакчаны ачуу үчүн 600 миң рубль каражат сарпталган. Ал жерде бир күн жашоо үчүн 3 миң рубль төлөнөт. Азырынча бала бакчага 28 жаштан 40 жашка чейинки эркектер жана 23 жаштан 30 жашка чейинки кыз-келиндер жазылып жатышат”, - деп айтылат маалыматта.