Баткен облусу өткөн жылга салыштырмалуу 10 миң тоннага көп тоют жыйнады. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда SUPER.KG порталына өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйыл Баткен облусунда бардык жыйналган тоют 135 066 тоннага жеткен. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу көп.
"Быйыл аба ырайы жаан-чачындуу болгондуктан, табигый чөп жакшы өскөн. Мындан улам дыйкандар үчүн тоют камдоого жакшы шарт жаралды. Буудай талаасынан саман жыйноо 44,317 тоннага жетти. Ал эми табигый чөп талаасынан 90,749 тонна тоют камдалды", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, учурда Баткен аймагында чөп жана беденин таңгагы базар наркында 120 сомдон 150 сомго чейин сатылууда.