"Бурана" комплексинде Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы белгиленет

Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциядан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара 14-октябрь күнү Чүй облусундагы "Бурана" комплексинде өтөт. Анда Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата театрлаштырылган пролог көрсөтүлүп, кыргыз эстрада жылдыздарынын коштоосунда гала-концерт өтөт. Майрамдык иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун катышары күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhykyo
2016-10-09 03:15:47
Жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан