Бажы кызматы кол сааттарды сатып алуу боюнча жарыяланган тендерди токтотту

Бажы кызматы кол сааттарды сатып алуу боюнча жарыяланган тендерди токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка караганда, тендердин токтотулушуна коомчулуктагы талкуу жана башка себептер дагы негиз болгон.

Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматы 648 миң сомго кымбат баалуу кол сааттарды сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Мамлекеттик сатып алуулар порталына илинген жарыяга таянсак, 11-октябрда сынакка катышууну каалаган тараптардын документтерин кабыл алуу башталмак.

Сатылып алынган сааттарды декабрь айынын аягында Мамлекеттик бажы кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата бажы кызматкерлерине белек катары берүү пландалган. Мындан улам мырзаларга 40, айымдарга 20 даана кол саат сатылып алынмак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Tansuluu09
2016-10-08 14:46:16
Сааттары толтура болсо керек, алышпай эле койсо Жакшы болмок...
Жондон жон эле ашыкча чыгым кылыша бербей..
Ансыз деле аткарылбай турган толтура иштер бар.
+8
Topchubai
2016-10-08 14:53:08
Алар деле ЖКнын кылыгын кылып,элди куру алдап жатабы дейм?Негизи азыр чонток телефондон эле сааттын канча болгонун билсе болот го.
+8
aianaaiana
2016-10-08 16:07:33
Чек ара кызматынын муруңку чоңу Матраимовдун баласы 50миң $ доллардык саат көтөргөндөн кийин булар да жөн турбайтда
+5
Arlenchik
2016-10-08 17:24:03
Мамлекетке жон эле чыгым кылганды токтоткулачы,элге токтотту кылып коюп ич ара алып албасарле болгону.
+4
sungjinsystem
2016-10-08 17:53:14
Спонсор чыгып калды деп элди алдап, баарибир алат бюджеттин акчасына,жакында.Мына коросунор.Кантип эле ушуларга спонсор чыга берет экен, тообо.
+3
tynara81
2016-10-09 15:20:34
sungjinsystem,ошону айтсаңар. Спонсорлордун акчасы ашып атса, операцияга акча таба албай аткан оорулууларга, авариялык абалдагы мектеп же ооруканаларга спонсор болбойбу дейм да. Каяктагы пайдасыздарга спонсор болбой.
+1
Bekzamann
2016-10-08 18:59:27
Олко карызы 3 жарым млрд $ ашып турган убакта кымындай расход кылбагыла.
+1
MUSLIM-81
2016-10-08 20:14:16
Тышкы карыз 4,7млрд.3,5 эмес.
+7
abusait
2016-10-08 21:13:19
Андан коро 640 мугалимдин айлыгына 1000 сомдон кошуп берсе эл ыраазы болсо керек эле.
+1
azamat.k
2016-10-08 21:25:17
Жани жоктор десе, калп эле тендер токтоду деп,анан бекитип же спонсорлор алып берди дейсинер да.Жепжутаттардын деле креслосун ошентип эле коз боёмочулук кылып бюджеттин эсебинен алдынар го.ХХХ ХХХ ХХХ
0
admin_portal
2016-10-10 10:20:34
azamat.k, провокациялык билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болуңуз!
0
Kroxa
2016-10-09 17:03:19
Ой деди да койду,,анан кресло алгандай ким демоорчу болгонун билбей калышат да алып алышып,,тендерди токтотту деп элге жабылуу аяк жабылук турсун деп атышкандыр...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан