Борбор калаанын Ак-Ордо конушунда мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы салынып жаткан мектеп бардык шарты менен 3 кабаттуу болуп курулмакчы. Аталган мектеп 960 орунга ылайыкташтырылган.
"Мектептин курулушуна каражат жергиликтүү казынадан жумшалууда. Мектептин пайдубалын түптөөгө Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, айыл тургундары катышты. Курулушту "Мс Билдинг" курулуш компаниясы баштаган. Билимкананын ичинде 30 класстык бөлмө, лаборатория бөлмөлөрү, ошондой эле спортзал, жайкы спорт аянтчасы болот", - деп билдирди басма сөз кызматы.