Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кытайлык "Фулл Голд Майнинг" компаниясынын жумушчулары эмгек акыга нааразы болуп, 3 күндөн бери жумуш токтоп турат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, ишканада кытай жумушчуларынын саны мыйзам чегинен ашкан. "Компанияда болжол менен 600дөй кыргыз жумушчулары, 115 кытай жетекчиси бар деп жатышат, бирок бул маалымат чындыкка дал келбейт. Келишимге ылайык, 90 пайыз жергиликтүү тургундар иштеш керек, бирок кытайлардын санын текшерген мекемелер жок. Мындан тышкары жумушчулар айлыкты 50 пайызга көтөрүүнү талап кылышууда", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.