Бүгүн, 10-октябрда Кочкор темир жол бекетинде алгачкы жолу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын вагондоруна көмүр жүктөө иштери жүргүзүлүүдө.
Мекеменин маалыматында айтылгандай, жүктөлгөн көмүр Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборуна жөнөтүлөт. Көмүрдү жүктөө иштери Нарындын Кочкор районундагы Теңдик айылында жайгашкан Кочкор темир жол бекетинин көмүр аянтчасында жүргүзүлүүдө.
"Көмүрдү ташуу үчүн жалпы сыйымдуулугу 1000 тонна болгон 15 вагондон турган курам түзүлдү. Бул Кыргызстандын темир жол тармагы үчүн тарыхый окуя болуп саналат. Мындан ары Бишкек шаарына жөнөтүлүүчү көмүрдү жүктөө иштери Кочкор темир жол бекетинде жүргүзүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, июль айында Балыкчы – Кочкор темир жолу курулуп бүтүп, Кочкор бекети ишке
кирген.