Ала-Бука районунун акими: "Алтын казган "Фулл Голд Майнинг" компаниясында жумуш токтогон жок"

Ала-Бука районунда алтын казган "Фулл Голд Майнинг" компаниясында жумуш токтогон жок. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда SUPER.KG порталына Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акпаралиев билдирди.

"Элдин нааразычылыгы боюнча маселе чечилди. Жумушчулар менен жолугушуп, үнүн угуп келдим. Алардын арасында элди кайраштыргысы келген Чаткал районунан келип иштеп жаткан 4-5 адам бар экен. Анан, албетте, жумушчуларга түзүлгөн шарттар боюнча кемчиликтерди байкадык. Аларды жоюу үчүн компаниянын жетекчилиги бир ай мөөнөт сурады. Бул маселе убакыттын өтүшү менен чечилет. Нааразы болгондор тарап кетишти", - деп билдирди Акпаралиев.

Ала-Бука районунун акиминин маалыматына ылайык, жумушчулардын эмгек акысы үстүбүздөгү жылдын май айында көтөрүлгөн. Бирок ага карабай алар маянанын аздыгын айтып нааразылыкка чыгышкан. Учурда жөнөкөй жумушчулар 6 миң сомдон, адистер 90 миң сомго чейин айлык акы алгандары бар.

Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө аталган компанияда 500гө жакын адам иштесе, анын ичинен 400 адам жергиликтүү тургундар. "Фулл Голд Майнинг" компаниясы 8 жылдан бери Ала-Бука аймагында ишмердүүлүк жүргүзүп келет.

Эске салсак, окурман "Элдик кабарга" жумушчулар эмгек акыга нааразы болуп, 3 күндөн бери жумуш токтоп турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ALATOOLUK.JIGIT
2016-10-11 18:19:52
Бул аким деле эч нерсени кыйратпаган алкымы ачык. Мурда райондук билим беруу башчысы эле.
0
Erka_kg
2016-10-11 19:44:46
ALATOOLUK.JIGIT, Балким сиз ошондой ойлойсуз. Ала-Буканын азыркы кейпи Сонунбек Акпаралиев аким болгонго чейинкисине такыр окшошпойт. Туура кееде өкмөттүн сөзүн сүйлөп коюшу мүмкүн. Бирок Ала-Бука үчүн кылып жаткан эмгектерин көрүп көңүл кубанат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан