Бүгүн, 12-октябрда эртең менен саат 5:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунда Дэу Нексия менен Хонда Стрим үлгүлөрүндөгү унаалар сүзүштү. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, эки унаада жалпысынан 10 чакты адам болгон. "Кырсыктан улам 1 адам каза болду, калгандары өтө оор жана оор абалда. Алдын ала маалыматтар боюнча, унаалардын бири Оштон, экинчиси Жалал-Абаддан келе жаткан. Хонда Стримди айдаган аял катуу ылдамдыкта кызыл түстөгү Дэу Нексияны сүзгөн. Ал аял өтө оор абалда, экинчи унаанын айдоочусу каза болду. "Тез жардам" кызматы бир сааттан кийин келди. Ага чейин ары-бери өтүп жаткан унаалар жабыркагандарды ооруканага жеткирип жатышты", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.