Кудайберген Базарбаев эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматынан аны бошотууга негиз жок болгонун журналисттерге билдирди.
"Мен өз каалоом менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазгам. Мени эч ким мажбурлаган жок, эч кимге дооматым жок. Биздин коомдо жетекчилерди кээ бир кемчиликтери үчүн кызматтан бошотуу, менин оюмча, туура эмес салт болуп калды", - деди ал.
Мындан тышкары Базарбаев анын ордуна келчү жаңы министрге элге жакыныраак болууга, адамдардын көйгөйлөрүн билүүгө жана алар менен көбүрөөк жолугууга кеңеш берди.
Ошондой эле экс-министр эми эмне менен алектенери тууралуу ой бөлүштү. "Мен саясий илимдеринин кандидатымын. Буга чейин КРнын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында сабак берчүмүн. Бир аз эс алып, бул жогорку окуу жайга барсам дейм. Мындан тышкары эл аралык тармакта иштөөнү караштырам, анткени англис, француз жана немис тилдеринде сүйлөй алам", - деди Базарбаев.
Айта кетсек, Кудайберген Базарбаев Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин "Ата Мекен" фракциясынын квотасы менен 2013-жылдан бери жетектеп келген. Аны кызматтан бошотуу боюнча жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 11-октябрда кол койгон.