Ош окуясында жабыркаган 130 үй-бүлө үй ала албай жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда маалымат жыйынында "Кыргыз журтум" коомдук фондунун төрайымы Сапаргүл Бердалиева билдирди.
"Биздин көйгөйдү премьер-министр Сооронбай Жээнбеков чече албайт, анткени биз Жээнбековго Ош облусунда өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп тургандан бери кайрылып келебиз. Ал биздин абалыбызды абдан жакшы билет, бирок ушул күнгө чейин маселебизди чечпей жатат. Биз ошондуктан президентке кайрылып жатабыз. Буга чейин биздин фондго катталган 315 адамдын ичинен 79 адам үй алган", - деп билдирди Бердалиева.
Маалыматка ылайык, жабырлануучулар 2010-жылдан бери өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановго, Темир Сариевге, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылышып, көйгөйлөрү оңдуу чечилбей келет.
"2010-жылы Ош окуясында 5 кыз зордукталган. Алардын айрымдары 15 жашта болгон. Учурда улуусу 30 жашта. Булар дагы үй ала албай жүрүшөт. Каргашадан улам 8 адамдын башында ок калып калган. Аларды операция жолу менен чет өлкөдө гана алат экен. Ал үчүн жабыркагандарда чоң каражат жок. Ал эми жабыркагандарга салынган үйлөрдү ипотекага 2015-жылдан баштап окуяга тиешеси жок адамдарга бере баштаган", - деп кошумчалады Бердалиева.
Маалыматка ылайык, Ош шаарында 27 көп кабаттуу үй салынган. Алардын арасында 16 кабаттуу 1 үй, калган 26 үй 5 кабаттуу болуп салынган. Учурда жабыркагандар психикалык оорулуу болуп, каттоодо турушат.