Жалал-Абад. Патрулдук милициянын унаасы бетон түркүктү сүзүп, буга башка унаанын айдоочусу күнөөлүү деп табылды

Жалал-Абад облустук милициясы SUPER.KG порталына 10-октябрда Патрулдук милициянын кызматтык автоунаасы кабылган кырсык тууралуу өз версиясын айтып берди.

Мекеменин маалыматы боюнча, 10-октябрь күнү Патрулдук милиция тарабынан “Маяк” аталышындагы рейд жүргөн. Анда рейд учурунда Патрулдук милициянын, Өрт өчүрүү, "Тез жардам" жана башка атайын кызматтык автоунаалардын чукул кырдаалдарда өз убагында жетип баруусуна өбөлгө түзүү жана айдоочуларды тартипке чакыруу максатында алдын алуу иш-чарасы уюштурулган. Рейд учурунда кызматтык атайын унаалар менен жолду автоунаалардан тазалап, тартип бузган айдоочуларга эскертүүлөрдү берип бара жатышкан.

"Патрулдук милициянын автоунаасынын эскертүүлөрүнө карабай алдыдагы автоунаа жолдун оң тарабына чыгып токтобостон, карама-каршы багыттагы жолдун сол тарабына бура койгон. Ал эми артында келе жаткан Патрулдук милициянын автоунаасы андан качам деп жана карама-каршы багытта келе жаткан автоунаалардан аргасыз качуу максатында жолдун (арткы бетиндеги) сол четине чыгып, бетон түркүктү сүзүп токтогон. Ошол учурда териштирүү иштери жүрүп, мыйзам бузган айдоочу күнөөсүн толук моюнуна алып, Патрулдук милициянын автоунаасына келтирген материалдык чыгымдарын төлөп бере турган болду. Бул кырсыктан эч ким жаракат алган эмес", - дешти облустук милициядан.

Айта кетсек, 10-октябрда саат 18:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө Патрулдук милициянын кызматтык унаасы кырсыкка кабылганы тууралуу маалыматты "ЭЛДИК КАБАРга" окурман жөнөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
nurian
2016-10-12 15:28:58
Dagy bir shorduunu bashka kozgo sogup moinuna ilip koidunarda ozunordun shalyky ekeninerdi aitkandan korkup distansiany karap aidabaiby
+7
keba300989
2016-10-12 16:00:55
Мен чынын айтсам ошол милициянын артында кетип жаткам башкаларга эскертүү бергенинда көрдүм бирок бул ишти туура эмес карап чыгышыптыр милициянын өзүнөн кеткен болчу, берки машинада менимча айып жок эмнеге дегенде милиция кызматкери өтө катуу келип сигнал берди берки машине туура эле чекеге чыккан болчу, анан эмне жолдун ортосуна качыш керек беле, бизде эч качан туура чечим чыккан эмес азыр өзүңө сак болбосон бироого ишениш кыйын болуп калды.
+5
asiret
2016-10-12 16:10:59
маяк иштетип бараткан автоунаанын айдоочусу башка айдоочулар жол бошоткондон кийин гана отот деп жол эрежесинде жазылган да.
0
Uson13
2016-10-12 16:52:56
Албетте башка жөнөкөй жаран күнөөлүү болотда силер аппаксыңарда айдан түшкөндөй
+2
tolkun9090
2016-10-12 17:29:17
Урматтуу президент Алмаз Шаршенович ушул ишти озунуз козомолдоп койбойсузбу,жок жерден бей бечара куйуп жатат.
-1
sungjinsystem
2016-10-12 17:37:52
Дагы жакшы столбаны куноолуу кылып койбоптур.Туура эмес жерге орнотулуп калыпсын деп.
+2
tolkun9090
2016-10-12 18:51:20
sungjinsystem,увахахахаааааа
0
Abdullatif
2016-10-12 19:18:26
Атамбаевдин башы оорубайт...
0
Nasyrkg
2016-10-12 21:07:14
ХХХ болуп ушу патрул деген эмелери кайдан чыкты
+2
admin_portal
2016-10-13 10:10:37
Nasyrkg, кимдир-бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз!
0
taraza_
2016-10-13 08:11:22
Ооба, ар бир айдоочу катары жол эрежесин кээде бузабыз. Шордууларга штраф толоп аларды жаман коруп калганбыз. Алар эл астында канчалык таза ак иштесе да баары бир жек коруу сезими калып калган. Ошондуктан ичибиздеги кирибизди, очубузду, кучубузду комментарийлерден чыгарып алабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан