Ош шаарынын борбордук көчөлөрүнө 500 даана таштанды челек орнотулууда

Ош шаарынын борбордук көчөлөрүнө 500 даана таштанды челек орнотулууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда SUPER.KG порталына Ош шаардык "Тазалык" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда таштанды челектер шаардын Курманжан датка, Ленин жана Масалиев борбордук көчөлөрүнө коюлууда.
"Шаардын тазалыгын арттыруу, жашоочуларга жагымдуу шарт түзүү максатында иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. 2013-жылга салыштырмалуу "Ош-Тазалык" ишканасынын абоненттери 90 миңге көбөйдү. Мындан улам тазалыкты камсыздоо аракеттерин көрүп, борбордук көчөлөргө ар бир 50 метр аралыкка таштанды челек орнотуп жатабыз. Бул үчүн 387 123 сом каражат сарпталды", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, Ош шаарында 260 миңден ашуун адам жашайт. Алардын ичинен таштанды үчүн төлөмдү 220 миң киши гана төлөйт. Бүгүнкү күндө жер үйдө жашагандар ай сайын таштанды үчүн киши башына 25 сом төлөсө, көп кабаттуу үйдө жашагандар айына 20 сомдон төлөшөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Ayida
2016-10-12 16:41:08
Мм
-6
sagyn01
2016-10-12 17:12:31
Ayida, меен тескери айланып калыптыр))
+5
Ayida
2016-10-12 17:16:22
sagyn01,ошода
+3
elmurat.kg
2016-10-12 17:18:50
ayida,чон кыз тушунбойтам тушунуктуурок кылып жазыныз төө десе бээ деп жаткан жоксузбу...сойку болсон каапырдан не айырман бар болот мусульмандын милдетин аткарбайтасын анда каапырсында журок таза болсо баары жакшы болот
0
elmurat.kg
2016-10-12 17:24:08
сиз озунуз шугур кылып жашай бериниз всё мусулман болгонунузга андан кору каапырларды динге чакырыныз...алар мусулман динин кайдан билишсин сизда ошол жакта торолгонунуздо каапыр болуп дин ж.ө маалыматыныз жок журо берет элениз туурабы ...ошондой эледа
мусулман киши эчкимди кемсинтпеш керек андан кору ошону динге чакырсаныз канча сооп туурабы
0
Maks_shop
2016-10-12 20:12:31
Ошум оркундой бер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан