Ооганстандагы Чоң жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга Кыргыз өлкөсүнөн гуманитардык жардам жеткирилди. Мурда маалымдалгандай, этникалык кыргыздар үчүн гуманитардык көмөктүн колоннасы 2016-жылдын 3-октябрында Ош шаарынан чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
"Тамак-аш, дары-дармек, жылуу кийимдер жана боз үйлөр түрүндөгү гуманитардык көмөк экспедиция мүчөлөрү тарабынан Чоң жана Кичи Памирдин алыскы айылдарына жеткирилип, ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн колуна тапшырылды. Мындан тышкары экспедиция курамындагы медициналык кызматкерлер жогоруда аталган аймакта жашаган 300гө жакын адамды медициналык кароодон өткөргөн. Жергиликтүү тургундар үзгүлтүксүз түрдө көрсөтүлүп жаткан гуманитардык көмөк жана камкордук үчүн ыраазычылык билдиришти", - деп айтылат маалыматта.
Учурда Чоң жана Кичи Памирде 1500гө жакын этникалык кыргыздар жашашат. Көмөктү уюштурууга өкмөт тарабынан 10 миллион сом бөлүнгөн.