Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарынын аймактык ооруканасындагы хирургия бөлүмүнүн башчысы Темирбек Саякбаевди дарыгерлик кызматтан алып, жазага тартыш керек. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда маалымат жыйынында "Адилет-Юг" коомдук бирикмесинин төрайымы, укук коргоочу Айгүл Нуркамилова билдирди.
"Биз Бишкек шаарына адилеттик издеп келдик. Кочкор-Ата шаарынын аймактык ооруканасындагы хирургия бөлүмүнүн башчысы Темирбек Саякбаев оорулууларга кайдыгер мамиле жасайт. Ал адамдын шалаакылыгынан адамдар жабыркап жатат. Ал киши өзү пенсия жашындагы адам. Жемкорлукка малынып калды. Келген бейтаптар ал адамдан шыпаа таппай жатышат. Аны кызматтан алып, жазалаш керек", - деди укук коргоочу.
Жогорудагы айыптоолордон кийин Кочкор-Ата шаарынын аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы Темирбек Саякбаевге байланыштык. Ал өз сөзүндө: "Бул айыптоолордун баары калп. Мен медицина тармагында 42 жылдан бери иштеймин. Жемкорлукка малынды дегени да чындыкка дал келбейт. Менин акча сураганым жөнүндө далилдери жок. Ал эми Санобар Жалалованын баласы 5 метр бийиктиктен кулаган. Анын башында кан куюлуп кеткен. Биз Жалал-Абад шаарынан нейрохирургдарды жардамга чакырганбыз. Тилекке каршы, бала жандандыруу бөлүмүндө каза болуп калды. Кийин Санобар Жалалова "дарыгерлердин күнөөсү жок" деп жазып берип, баланы ооруканадан чыгарып кеткен", - деп билдирди.
Маалыматка ылайык, "Адилет-Юг" коомдук бирикмесине Кочкор-Ата шаарынын аймактык ооруканасындагы хирургия бөлүмүнүн башчысы Темирбек Саякбаевге нааразыланып Санобар Жалалова, Жеңиш Токтоболотов, Асылбүбү Арыкова кайрылган.