Бишкекте бүгүн, 13-октябрда Кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйыны өтөт. Анын жүрүшүндө кыргыз-кытай соода-экономикалык эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
"Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин Кытай Эл Республикасынын Коммерция министринин орун басары Фан Айцин менен жолугушуусу болот", - деп айтылат маалыматта.