Белгилүү маркум инсандар азыр жашап жаткан кээ бир атактуу жылдыздарга салыштырмалуу көбүрөөк киреше табышат. Алардын кирешелерин негизинен жараткан музыкаларын, тасмаларын же чыгармаларын сатуудан же башка булактардан түшкөн акча каражаты түзөт. Мындан улам маркумдардын туугандары миллиондогон кирешелерге ээ болушууда.
"Forbes" журналы дүйнөдөгү эң бай белгилүү маркум инсандардын тизмесин түздү. Анда биринчи орунду америкалык ырчы Майкл Жексон багындырды. Анын өткөн жылдагы кирешеси 825 миллион долларды түзгөн. 2-орунду 48 миллион доллар кирешеси менен америкалык сүрөтчү-карикатурачы Чарльз Шульц алган. Ал эми 3-орунга 40 миллион доллар менен гольфчу Арнольд Палмер татыды. Мындан тышкары алдынкы 10 орунга музыканттар Элвис Пресли (27 миллион доллар), Принс (25 миллион доллар), Боб Марли (21 миллион доллар), жазуучу Теодор Сьюз Гейзель (20 миллион доллар), музыкант Жон Леннон (12 миллион доллар), физик Альберт Эйнштейн (11,5 миллион доллар) жана модель Бетти Пейж (11 миллион доллар) кирген.