Талас облусунда төө буурчак чарбасын өнүктүрүү колго алынат

Талас облусунда төө буурчак чарбасын өнүктүрүү колго алынат. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мал чарбачылыгы, өсүмдүктөрдү ырааттуу өстүрүү жана кайра иштетүү тармагын адистештирүү боюнча өнүктүрүү программасы 20-октябрга чейин өкмөткө сунушталат. Долбоордун жүрүшүндө Ысык-Көл облусунда кайра иштетүү тармагы менен катар картошка өстүрүү колго алынмакчы.

"Айыл чарба багытын жакшыртуу максатында облустарда долбоорду ишке ашыруу жүзөгө ашмакчы. Нарын облусунда мал өстүрүү, тоют камдоо жана сүттү кайра иштетүү пландалса, Баткен облусунда өрүк, жер-жемиштер менен катар эле топозду көбөйтүү каралып жатат. Ал эми Чүй облусунда жер-жемиштер менен кызылчанын аянтын кеңейтүү сунушталууда. Ош, Жалал-Абад облустарында дыйканчылык менен бирге пахтаны өстүрүү, аны кайра иштетүү маселеси каралган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан