Баткен облусунда медицина тармагы боюнча 48 адистиктеги дарыгер жетишсиз

Баткен облусунда медицина тармагы боюнча 48 адистиктеги дарыгер жетишсиз. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Учурда облустагы калктын саламаттыгын сактоону камсыздоону жакшыртуу үчүн саламаттыкты сактоо мекемесин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, кошумча имараттарды куруу зарыл. Облустун саламаттыкты сактоо тармагында медициналык жабдыктар жетишсиз. Алар компьютердик томография, рентген жана гемодиализ аппараттары. Мындан сырткары нарколог, неонатолог, анестезиолог, невропатолог, психиатр, фтизиатр дарыгерлери жетишсиз", - деп маалымдады басма сөз кызматы.

Эске салсак, облустун калкына 4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, 6 Жалпы дарыгерлик-практикалык борборлору, 87 Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору кызмат көрсөтүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан