Ош-Бишкек жолундагы "Сосновка" жана "Чычкан" посттору оор жүк ташуучу унаалар үчүн эки тараптуу жабылды

Учурда Ош-Бишкек жолундагы "Сосновка" жана "Чычкан" көзөмөл-өткөрүү пункттары оор жүк ташуучу унаалар үчүн эки тараптуу жабылды. Бул тууралуу Патрулдук кызматтын башкы башкармалыгынан бүгүн, 13-октябрда SUPER.KG порталына билдиришти.

"Абанын температурасы 0дөн төмөндөп, түштөн кийин жаап баштаган кар тоңуп, жолдор тайгак болууда. Азыркы маалда Жол эксплуатациялоо башкармалыгынын кызматкерлери жолго 4 унаа менен кум, туз сээп, грейдер менен жол тазалап жатышат. Оор жүк ташуучу унаалар үчүн "Сосновка" жана "Чычкан" посттору эки тараптуу жабылды. Кышкы дөңгөлөккө өтө элек жеңил унаалардын айдоочуларына жолго чыкпоону сунуштайбыз", - дейт инспектор Мырзабек Бабаяров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Raya85
2016-10-14 00:07:21
Ушул тапта кар жаадыбы э?
-5
ekaterinburg
2016-10-14 00:14:40
Ишенген бир жолувуз бар.Бул да жавылса олот го...Берки курулчу жолду тездетишсе болмок!
-6
mirbek2211
2016-10-14 12:05:01
ekaterinburg,екатеринбургда жүрө берип б тамгасын в тамгасы менен алмаштырайын деп калгансынго
+1
modem4999
2016-10-14 09:03:41
Аябай суук окшойт,суротко машиненин ичинен эле тартып коюшуптур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан