1924-жылы 14-октябрда Бүткүл союздук Борбордук аткаруу комитети Кара кыргыз автономиялык облусунун уюштурулушу туурасында токтом кабыл алган.
Автономиялык облустун Орусия Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасынын (ОСФСР) курамында чектелген административдик бийлик менен уюштурулганына карабастан, кыргыз калкы биринчи жолу мамлекет түптөөгө жолдомо алган. Кыргыз автономиялык облусунун өзүнө таандык аймагы белгиленип, түпкүлүктүү калк жашаган аймакта саясий жана маданий өнүгүүгө шарт түзүлгөн.
Кыргыз калкы үчүн автономиялык биримдиктин уюшулушунун мааниси зор болгон. Автономиялык облус алкагында кыргыз калкы укуктук жана саясий жактан өз алдынча мамлекет куруу мүмкүнчүлүгүнө жетишкен. Өз маалында Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов сыяктуу саясатчылардын 1924-жылкы жасаган аракетинин акыбети 1991-жылы кайтып, кыргыз калкы өз алдынча эгемен Кыргыз Республикасын негиздеген.