Өзбекстанда президенттин милдетин аткаруучу Шафкат Мирзийоевдин виртуалдуу кабылдамасына 1 ай ичинде жарандардан 20 миңден ашуун арыз, кайрылуулар келип түштү. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, арыз менен кайрылган жарандарга өкмөт мүчөлөрү өз убагында карап, кемчиликтерди жоюуну убадалашууда. Мирзийоевге кайрылгандардын көпчүлүгү айыл жериндеги электр жана газдын тартыштыгы, автосалондордо унаа сатып алуу татаал экендигине басым жасаган. Ошондой эле биометрикалык паспорт алуудагы кыйынчылыктар, укук коргоо органдарынын мыйзамыз аракеттери боюнча да арызданышкан. Келген арыздар боюнча Фейсбук социалдык түйүнүндө каттарга жооп берген баракча ачылган.