Кыргыз мамлекетинин мурунку президенти Курманбек Бакиевдин экинчи аялы Назгүл Төлөмүшева Беларустагы "Минск" мейманканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу "Комсомольская правда" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимди Беларустун президентинин Иш башкармалыгы 3-октябрда чыгарган. "Назгүл Төлөмүшева Курманбек Бакиевдин экинчи аялы. Бакиев расмий түрдө биринчи аялы Татьяна Бакиевага үйлөнгөн. 2010-жылы өлкөдө бийликтин алмашуусунан кийин Бакиев Беларустан саясий баш паанек алган. Башында ал Березинск коругундагы резиденцияда жашап, андан соң Дрозды айылына көчкөн", - деп айтылат маалыматта.