Ала-Бел ашуусунда жол кыймылы калыбына келтирилди

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бел ашуусунда жол кыймылы калыбына келтирилди. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Токтогул районунда 2016-жылдын 13-октябрында саат 19:10 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 217-чакырымындагы Ала-Бел ашуусунда жааган кардан улам унаалардын тыгыны пайда болгон. Жол кыймылын калыбына келтирүү үчүн Токтогул райондук №23-Жол тейлөө ишканасынан 2 техника тартылып, саат 21:30да жол кыймылы калыбына келтирилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан