Ала-Бука районунда баптизм агымындагы каза болгон аялдын сөөгүн мусулмандар бейитине коюуга айылдыктар каршы чыгышууда. Мындай маалыматты бүгүн, 14-октябрда Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акпаралиев тастыктады.
"Маркумду көмүүгө жер берилбей жатат. Азыркы учурда дин өкүлдөрү, тийиштүү жетекчилер менен чукул жолугушуу уюштуруп, бул маселени чечүү аракетин көрүп жатабыз", - деп билдирди Акпаралиев.
Эске салсак, Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылында 76 жаштагы аял 13-октябрда көз жумган. Анын сөөгүн жергиликтүү айылдын мүрзөсүнө коюуга айылдыктар каршы чыгышууда. Буга чейин аял башка динге өтүп жатканда айылдыктар ал динден кайтууну талап кылышкан.