Кытайдагы фирмалардын биринде эмгектенген кызматкер кыздар эртең менен жетекчисин өбүүгө милдеттүү болушту. Компания жетекчилигинин айтымында, мындай нерсе чогуу иштегендердин маданиятын көтөрүп, ортодогу ынтымактын бекемделишин шарттайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, кеңседе жумуш күнү кыздардын кезекке тизилип, таң каларлык адатты өтөөдөн башталат. Фирма жетекчиси бул нерсени АКШга болгон иш сапарында үйрөнгөнүн айткан. Мындай жетекчинин "салтына" кандай чара көрүлөт, анда иштеген кыздар буга кандай көз карашта экени маалыматтарда айтылбайт.