Ош шаарында жылуулук бериле элек. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда SUPER.KG порталына Ош шаардык мэриясынын коммуналдык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Раманов билдирди.
"Бүгүнкү күндө Ош шаардык мэриясы калкка жылуулук берүүгө 100 пайызга даяр. Учурда шаар элине жылуулук бербей кармап турабыз, анткени аба ырайынын көрсөткүчү нормадан жогору болууда. Эгерде аба ырайынын көрсөткүчү беш күн бою 8 градус жылуулуктан төмөн болсо, анда дароо жылуулук берилет", - деп билдирди Раманов.
Маалыматка караганда, өткөн жылы 27-октябрда Ош шаарында калкка жылуулук берилген.
"Бишкек шаарында кышкы сезондо 140 күн жылуулук берилет. Ал эми Ош шаарында климаттык шартка байланыштуу 120 күнгө ылайыктап жылуулук берилет", - деп кошумчалады Коммуналдык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы.
Кошумчалай кетсек, Бишкек мэриясы жылуулукту бүгүн, 14-октябрдан тарта берип баштады.