Баткен облусунун Лейлек районунда тиешелүү кызматкерлер 1994-жылдагы эски паспортторду алмаштырууга айыл өкмөттөрүн кыдырып кеткенинен улам кезек күтүүлөр көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда SUPER.KG порталына Лейлек районунун Паспорт-виза жана каттоо иштери бөлүмүнүн башчысы Жолдошбай Жороев билдирди.
"Райондо эски паспорт менен жүргөндөр көп болууда. Аларды алмаштыруу үчүн айыл өкмөттөргө кыдырып кеткен элек. Мындан сырткары биздин аймакта трансформатордун иштебей калганынан электр жарыгы үч күн жок болуп, буга байланыштуу компьютер менен иштөө таптакыр токтоп калган. Мындан улам жарандардын кезекке туруулары күчөгөн. Азыр бул маселе жөнгө салынды. Ал эми адамдарды сөгүп, орой мамиле жасаганым боюнча далилдеп берсин. Мен андай жолго барбаймын", - деди Жороев.
Маалыматка караганда, аталган бөлүмдө 2 кызматкер жалпы районду тейлейт.
Эске салсак, окурман 14-октябрда "ЭЛДИК КАБАРга" Лейлек райондук паспорт-виза жана каттоо иштери бөлүмүнүн башчысы Жолдошбай Жороев иш убактысында адамдарга орой мамиле жасап, сөгүп, терс мамиле кыларын билдирген.