Бишкек шаарындагы Ак-Ордо-3 жаңы конушунун тургундары 5 жылдан бери электр жарыгы жок жашап келгенин айтышып, бүгүн Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын алдына митингге чыгышты. Бул маалыматты SUPER.KG порталына конуштун тургуну Атай Исаев билдирди. Анын айтымында, конушка трансформатор, зым карагайлары орнотулуп, электр чубалгылары тартылганы менен, электр энергиясы берилген эмес. Бул үчүн тургундар өз чөнтөктөрүнөн 10 миң сомдон чыгарып беришкен.
"Мына, бүгүн кар жаап салды. Үй суук, балдарыбыз менен тоңуп отурабыз. Электриктер светти каалаганда өчүрүшүп, каалаганда күйгүзүшөт. Ар бир электрди кошуп бергени үчүн 500-800 сомго чейин акча алышып, кайра эле өчүрүп салышат. Ошондуктан бүгүн Мамлекеттик экотехинспекцияга келип, убактылуу жарык берип тургула деген өтүнүч менен кайрылып жатабыз. Алар биздин турак үйлөр жайгашкан жер тилкелери трансформацияланмайынча электр энергиясын тартып келүүгө уруксат бербейбиз деп жатышат", - дейт Ак-Ордо-3 жаңы конушунун тургуну Атай Исаев.