Нарын облусунун Кочкор районундагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Чекилдек айылында жаңы курулуп жаткан мектепте Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция тарабынан текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуу жай техникалык талаптарга ылайык курулуп жатат. "Бул мектеп 150 орунга ылайыкташтырылган. Анын курулушун Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын инспекторлору менен биргеликте тийиштүү тармактар көзөмөлгө алышууда", - деп айтылат маалыматта.